Posts by Heleen
OTW Финансы: 2022-жылдын бюджети
Өткөн жыл ичинде OTW (ТИУ) Каржы командасы уюмдун эсептеринин төлөнүшүн, салык декларацияларын тапшырышын жана стандарттуу бухгалтердик процедуралардын сакталышын камсыздоо боюнча ишин улантты. Команда ошондой эле OTWнын каржылык ишмердүүлүгүн жакшыраак чагылдыруу үчүн Бухгалтердик эсеп схемасын жаңыртты. Учурда 2021-жылдагы финансылык отчеттун аудитине даярдык көрүлүүдө! Команда ошондой эле OTWнын 2022-жылдагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тырышчаактык менен иштеп жатат жана сизге быйылкы жылдын бюджетин сунуштаганы менен сыймыктанат (көбүрөөк маалымат алуу үчүн 2022-жылдын бюджетинин электрондук жадыбалына кириңиз): 2022 чыгашалар Биздин архив – AO3 (БА3) 2022-жылдын 28-февралына карата 582695,34 доллардын ичинен 33231,72 доллар сарпталган. OTW чыгымдарынын 76,9% AO3 сактоого жумшалат. Буга сервердик чыгашаларыбыздын негизги бөлүгү — жаңы сатып алуулар да, учурдагы жайгаштыруу… Read more
5 нерсе Мирисса айтты
Ай сайын OTW өзүнүн волонтерлорунун бири менен уюмдагы тажрыйбасы тууралуу суроо-жооп жүргүзөт. Посттор ар бир ыктыярчынын жеке көз карашын билдирет жана OTWтин көз карашын чагылдырбайт же OTW саясатын түзбөйт. Бүгүнкү билдирүү Кыргыз командасы үчүн котормочу волонтер катары иштеген Мириса менен. Сиздин ыктыярчы катары жасаган ишиңиз OTW эмнеге дал келет? OTW коомчулугундагы менин ролум башка котормочулардай эле. Коомчулуктун өсүшүнө жардам берүү жана башка адамдар үчүн тажрыйбаны ыңгайлуу кылуу үчүн документтерди которомун. Мен кыргыз тили боюнча котормочу болуп тапшырганымда анкетанын тизмесинде кыргыз тили жок болчу. Мен абдан таң калган жокмун, анткени бул тил анча белгилүү эмес, бирок чындыгында казак тилине окшош. Мен командада жалгыз котормочу экенимди түшүнүү… Read more